Жогорку Кеңеште бүгүн июнь коогасы маалында КТРК шалаакылык кылып, анын айынан коога тууралуу эл аралык коомчулукка туура эмес маалымат кеткени белгиленди.
Коомдук теле-радио корпорация жетекчилиги 10-11-12-июнь күндөрү түштүктө орун алган окуяларды чагылдырбастан Биринчи канал аркылуу футбол жана концерттик берүүлөрдү сунуштаган үчүн бүгүн Жогорку Кеңеште сынга алынды.
КТРКнын баш директору Кубат Оторбаев ал күндөрү коомдук канал окуяны түз ободо жеринен туруп маалымдаганын, кабарчылардан турган эки топ Ош жана Жалал-Абад аймактарында иш алып барганын айтты. КТРКнын баш директору июнь коогасы ал күндөрү “Ачык сөз”, “Эл билгиси келет” берүүлөрү аркылуу чагылдырылганын кошумчалады.
Оторбаев бул тууралуу тийиштүү отчет жазылганын жана ал документ депутат Токон Мамытовго жолдонгонун билдирди. (EK)