Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

Кытайга жиберилген сөөктөрдүн жетөө аныкталды


Аты-жөнүн тактоо үчүн жасаты Кытайга жиберилген сөөктөрдүн жетөө аныкталды. Бул тууралуу бүгүн саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов маалымат жыйынында билдирди.

Эми тергөө органдарынын уруксаты менен бул сөөктөр туугандарына кайтарылат. Аты-жөнү такталбаган сөөктөр атайын сактоодо кала бермекчи.

Буга чейин Москвада да ДНК анализи жүргүзүлүп, анда 12 жасаттын аты-жөнү такталган.

Өткөн жылкы июнь коогалаңында, Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 427 адам ажал таап, эки миңге жакын адам ар кандай деңгээлде жараат алышкан. Мындан сырткары 33 адамдын жасаты тааныла элек эле. Ошол эле учурда 23 адам дайынсыз жоголгондордун тизмесинде турат. (EK)

XS
SM
MD
LG