Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:12

Камчы Көлбаев банги барондордун тизмесинде


«Ата-Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кылмышкерлер менен байланышкан мамлекеттик кызматкерлердин аттарын атоону Коопсуздук Комитетинен сурады. Анын айтымында июнь коогасына банги соодасы олуттуу таасир эткен. Муну депутат иликтөө комиссияларынын тыянактарына таянып, парламент сессиясында билдирди. «Банги барондорунун» тизмесине издөөдө жүргөн Камчы Көлбаевдин кириши Кыргызстанда банги сооданын аягы кайда экенин көрсөтүп турат деди депутат.
Буга чейин таратылган маалыматтарга караганда оор кылмыштарды жасаган деп издөө салынган кыргызстандык жаран Камчы Көлбаевди АКШ президенти Барак Обама дүйнөдөгү эн кооптуу «наркобарондордун» тизмесине киргизген. Тизмеде ошондой эле мексикалык эки, кениялык эки киши жана ооганстандык, колумбиялык бирден киши бар. (BuS)

XS
SM
MD
LG