Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Көлбаевдин “кара тизмеге” киришин тактоо үчүн АКШга кат жөнөтүлдү


“Мыйзамдагы уруу” атыгып, оор кылмыштарды жасаган деп издөө салынган Камчыбек Көлбаевдин кооптуу баңги барондордун тизмесине киришине байланыштуу расмий маалымат алуу үчүн Кыргызстан тарап АКШга кат жөнөттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Баңги заттарды көзөмөлдөө кызматынын төрага жардамчысы Тимур Мадяров билдирди.

1-июнда АКШ президенти Барак Обама кыргызстандык Камчыбек Көлбаевди дүйнөдөгү кооптуу баңги барондорунун тизмесине киргизгени кабарланган. Тизмеге ошондой эле Мексикадан эки, Кениядан эки жана Ооганстан менен Колумбиядан бирден киши кирген.

37 жаштагы Камчыбек Көлбаев Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында катталып, уюшма кылмыштуу топтун бирден-бир негизги өкүлү катары саналып келет. Ал узак убакыт бою кылмыш дүйнөсүндө аты чыккан Рысбек Акматбаевдин тарапкери болгон. 90-жылдары Акматбаевдин тобунан бөлүнүп чыккан.

2000-жылы Рысбек Акматбаевге кол салды деп күнөөлөнүп, Көлбаев 25 жылга эркинен ажыратылган. 2006-жылы анын түрмөдөн качып кеткени кабарланган. Былтыр Көлбаевди Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери кармап, бирок белгисиз себептер менен койо бергени маалымдалган.

Ушул жылы Кыргызстанда уюшма кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө карата күрөш башталып, февраль айында Көлбаевге издөө жарыяланган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG