"Ливиянын аба мейкиндигиндеги согуштук операциясында 4-июнда биринчи жолу тикучмалар менен чабуул жасалды" деп айтылат Түндүк Атлантикалык биримдиктин билдирүүсүндө. Билдирүүгө ылайык, буталардын арасында согуштук унаалар, аскер жабдыктары, аскерлер болду, бирок чабуул кайсы жерлерде орун алганы маалымдалган жок.