Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

Мамлекеттик байланыш операторун ачуу иши башталды


Премьер-министр Алмазбек Атамбаев 3-июнда жаңы уюлдук байланыш операторун түзүү боюнча токтомго кол коюп, ага ылайык “Кыргыз мобайл компани” аттуу ачык акционердик коом ачылды. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, жаңы ачылган бул компанияга 100 миң сом өлчөмүндөгү алгачкы капиталды берүү, аны каттоодон өткөрүү жана жыштыктарды бөлүү иштери тиешелүү министрликтерге тапшырылды. Токтомго ылайык, жаңы түзүлгөн байланыш операторуна Мамлекеттик мүлк министрлиги ээлик кылып, компания толук түзүлгөндөн кийин анын 51 пайыз акциясы 92 млн. сомдук алгачкы баа менен аукционго коюлмакчы.

Алгачкы мамлекеттик уюлдук байлашын операторунун түзүү чечими уюлдук операторлор арасында атаандаштыкты жогорулатуу жана мамлекетке киреше алып келүү максатында кабыл алынды. (KKs)

XS
SM
MD
LG