Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Бишкекте айлана-чөйрөнү коргоо күнү белгиленүүдө

Айлана-чөйрөнү коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Бишкекте бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө. Уюштуруучулардын “Азаттыкка” билдиришинче, борбор калаадагы “Манас” кинотеатрында күндүн нурун колдонууга багытталган көргөзмөлөр ачылып, экологиялык фильмдерди көрсөтүү иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары күн ичинде шаарда велосипед жарыштары өткөрүлмөкчү.

Айлана-чөйрөнү коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнү бул жылы “Токойлор: Жаратылыш сиздин буйругуңузга жараша” деген ураандын астында өтүүдө. Бишкектеги иш-чаралар “Биом” экологиялык кыймылы, Жаштар иштери боюнча министрлиги, Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин демилгеси менен уюштурулууда. (KKs)
XS
SM
MD
LG