Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

Атамбаев “Кыргызмунайгаздагы” абал менен таанышат


Кыргызстан премьер-министри Алмазбек Атамабев бүгүн эки күндүк иш сапары менен Ош, Жалал-Абадга барат. Өкмөттүн басма сөз кызматынын өкүлү Болот Жумабаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Атамбаев алгач Жалал-Абад облусунун Чек айылына, андан соң шаардагы 60 батирлүү үйдүн сертификаттарын июнь коогалаңында каза болгон, жоголгондордун жакындарына тапшырат. Ошондой эле иш сапарынын алкагында өкмөт башчы Кочкор-Ата шаарында жайгашган “Кыргызмунайгаз” ишканасынын абалы менен таанышмыкчы.

Буга чейин “Кыргызмунайгаз” эмгек жамааты ишкананын мурунку директору Каныбек Масировдун мыйзамсыз кызматтан алынганын айтышып, маммүлк министри Нурдин Илебаевдин кызматтан алынышын талап кылышкан. 31-майда алар Ош-Бишкек жолун бууп, кайра ачышкан болчу. 31-майда “Кыргызмунайгаз” ишканасынын тегерегинде өкмөттө жыйын өтүп, Мамлекеттик мүлк министрлигине Таалайбек Аяркулов, аталган ишкананын жетекчилигине кырдаал иликтенип, такталганга чейин делип Жеңишбек Жумашев бир айга дайындалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG