Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Германия: инфекция көк тамырдан тараган


Германиянын Саксония аймагынын айыл чарба министри Герт Лидермандын сөзү боюнча, алдын ала текшерүү Е. Коли инфекциясы Гамбург, Ганновер шаарларынын ортосундагы органикалык фермада өстүрүлгөн буурчактын жана башка өсүмдүктөрдүн көк тамырынан тараганын көрсөттү. Бул инфекциядан Европада, дээрлик бардыгы Германияда, аз дегенде 22 кишинин өмүрү кыйылып, эки миң чакты адам ооруп калды. Иликтөөгө ылайык, айтылган фермадан буурчактын жана башка өсүмдүктүн көк тамырлары бир катар шаарлардын ресторандарына жеткирилген. Текшерүүнүн толук жыйынтыгы бүтүн жарыяланат.

XS
SM
MD
LG