Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Жаштар кыймылы саясатчыларды элди дүрбөтпөөгө чакырды


Бүгүн "Патриот" жаштар кыймылы июнь окуясынын тегерегинде элди дүрбөлөнгө салбоо чакырыгы менен кайрылуу таратты. Анда июнь окуясын иликтөгө алган комиссия бүтүмдөрү коомчулукту дүрбөткөндөн башка эчтеке бербегенин айтып, июнь коогасынын бир жылдыгын утурлап бул темада астейдил сөз кылууга чакырды. Жакындарын жоготкон, кооганы көргөн адамдардын жарааты айыга электигин эске салган кыймыл өкүлдөрү маалымат каржаттарын жана саясий күчтөрдү улут аралык мамилерди курчутпаганга үндөштү. Кайрылууда бир катар топтор өздөрүнүн кууш кызыкчылыктары үчүн кандуу окуяларды колдонушунa жол бербөө чакырыгы жазылган.

“Июнь коогасын иликтеген комиссия бүтүмдөрүнүн көбүндө укук коргоо орган өкүлдөрүнө сын айтылат. Саясий басым астында калган күч кызмат өкүлдөрү да оор психологиялык залал тартты. Алар тынчтыкты сактоо үчүн докчу саясчатчылардан көрө көбүрөөк аракет көрүшкөн, бул себептен күнөөлөнү токтотолу” – деп белгиленет кайрылууда. (EK)

XS
SM
MD
LG