Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:25

Йемен президенти Салех операциядан кийин сакаюуда


Президент Али Абдулла Салех көкүрөгүнө тийген гранатанын сыныгын алдыргандан кийин ден соолугу жакшы боло баштады. Жекшембиде Санаа шаарындагы Ак сарайда Салех ракетадан жарадар болгондон кийин Сауд Аравиясына дарыланууга чыгып кеткен.

Йеменде Салехтин бийлигине каршы массалык каршылык акциялары бир катар апта бою уланууда. Жакындан бери жаңжалга Йемендеги жергиликтүү чоң уруу аралашты. Бүгүн уруу согушкерлери менен өкмөттүк күчтөр сүйлөшүүгө барышы мүмкүн деген кабар тарады.

Йемен бийлиги Салех жакынкы учурда кайтып келе тургандыгын билдирди. Учурда вице-президент Aбед Раббо Мансур Хади убактылуу өлкө жетекчисинин милдетин аткарууда.

XS
SM
MD
LG