Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:15

Валюта корунун мурдагы жетекчиси секс-айыптоолорду четке какты.


Доминик Стросс-Кан Нью-Йоркто мейманкана кызматкерин зордуктоого аракет кылган деген айыпты мойнуна алган жок. Анын таламын талашкандар ага каршы кутум уюштурулду деп шектенишүүдө. Стросс-Кандын шектүү курмандыгын коргогон адвокат Кен Томпсон мындай ырастоолор негизсиз деп ырастады:

- Маалымат каражаттарында силерге окшогон айрымдар курмандыкты Доминик Стросс-Кандын беделин түшүрүү максатындагы эки жүздүү кутумга тиешелүү деп жаздыңар, бул таптакыр туура эмес, - деди адвокат Нью-Йоркто кабарчылар менен жолугушууда.

Стросс-Кан буга чейин Франциянын президенттигине башкы талапкер деп саналчу.

 

XS
SM
MD
LG