Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

Ысык-Көл дүйнөдөгү эң кооз көлдөрдүн тизмесине кирди


Туризим жаатында маалымат тараткан The Travelers Zone интернет сайты Ысык-Көлдү Жер шаарындагы эң кооз 25 көлдүн катарына кошкон. Аталган сайт кооз көлдөрдү ар кандай өзгөчөлүгүнө жараша тизмеге киргизген. Бирөө эң алгач пайда болгон көл болсо, экинчиси өтө сейрек кездешкен жаныбарлар, балыктар жана канаттуулар байырлаганына байланыштуу тизмеге кошулган. Кооз көл делип биринчи орунга Кения, Эфиопияда жайгашкан Түркана көлү чыкса, экинчи Индонезиядагы Тоба, үчүнчү АКШдагы Тахо көлү бааланган. Аталган сайттын маалыматы боюнча, Ысык-Көл 21-орунда турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG