Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:24

Евробиримдиктин айыл чарба министрлери чукул жыйынга чогулууда


Чукул жыйын Европада, көбүнесе Германияда E.coli деп аталган вирустан 22 адам каза тапкандан кийин өтүүдө. Жыйында бул окуянын жашылча жана жер-жемиш өндүргөндөргө тийгизген таасири талкууланганы жатат. Вирустан улам Орусия Евробиримдиктин Испания, Нидерландия, Германия, Бельгия сындуу өлкөлөрүнөн жашылча-жемиш импорттоого тыюу салды. Экспорт менен Евробиримдиктин өз ичинде жашыл-жемиш сатыгынын азайып кетиши да өндүрүүчүлөрдү каржылык чыгымга учуратты.

Германия бийликтеринин айтымында, вирустун булагы белгисиз бойдон калууда. Германиянын түндүгүндөгү шектүү фермада жашылчанын көчөттөрүндө жүргүзүлгөн текшерүүлөр ал жакта E.coli вирусу бардыгын далилдеген жок.

XS
SM
MD
LG