Борбор Азия изилдөө борборунун директору Айнура Сагынбаева соттордун ишин жакшыртуу үчүн коррупцияны жоюу, соттордун кесипкөйлүгүн арттыруу жана жалпы жарандардын билим деңгээлин көтөрүү зарыл экендигин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстандын бүгүнкү саясий жана экономикалык кыйын абалга келишине соттор чоң рол ойноду. Сагынбаеванын белгилешинче, соттордун туура эмес чечимдери элдин нааразычылыгын күчөтүп, апрель ыңкылабына алып келди.
Ленин райондук сотунун төрайымы Максуда Оморова сотторго талапты койордон мурун аларга иштөөгө шарт түзүү керектигин белгиледи. Ал бүгүнкү күндө элдин сотторго ишеними жок экенин, бирок ошол эле мезгилде элде да мыйзамды сыйлоо сезими жок болуп баратканын, туура чечимди да жеңилген тарап каралап, судьяларды жаманатты кылган учурлар көп экенин белгиледи. (AzK )