Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

10-июнь аза күтүү күнү деп жарыяланды


Бул тууралуу Ош, Жалал-Абадда иш сапары менен жүргөн өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев “Ош шейиттери” уюмунун мүчөлөрү менен болгон жолугушууда билдирди. Премьер-министр коогадан жабыркап, жакындарын жоготкондорго мамлекет тарабынан жардам берилерин айтты. Ошол эле учурда жабыркагандар өкмөт тарабынан аларга жакшы көңүл бурулбай жатканын билдиришти.

"Азаттыктын" аймактагы кабарчысынын билдиришинче, Ош облустук акимчиликтин алдында чогулган элүүдөн ашык жабырлануучу өкмөт башчы менен жолугушууга киргизилген эмес. Алар премьер-министр алдын ала тандалган гана кишилер менен жолукканын айтышып, нааразы болушууда. Бул жабырлануучулардын көпчүлүгү коогада бизнесин жоготкон жарандар болуп саналат. (AzK)

XS
SM
MD
LG