Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Венгрия Кыргызстандын парламенттик демократияга умтулуусун колдойт


Бул тууралуу Венгрия парламентинин төрагасы Ласло Ковер Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева менен болгон жолугушууда билдирди. Ал Венгрия парламенттик демократиянын оор жолун басып өткөнүн, өлкө парламентаризмди түзүү тажрыйбасына гана ээ болбостон, керектүү реформалардын да топтомун иштеп чыга алгандыгын белгиледи. Президент Роза Отунбаева Венгрия Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясында жана Европарламентте топтогон тажрыйбасы менен бөлүшүп, бул институттарда Кыргызстандын туруму менен көз карашын айтып берип турса жакшы болмоктугун белгиледи.

Төрага Ласло Ковер Кыргызстанга көмөк көрсөтүүгө, мамлекеттик башкаруунун мындан ары таза болуусун камсыздоого, сөз эркиндигин жана башка демократиялык принциптерди камсыз кылууга колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Венгрияга иш сапарынын алкагында Роза Отунбаева кыргыз-венгер экономикалык форумунун ишине катышты. Мындан тышкары “Террор үйү” мемориалдык музейинде Чыңгыз Айтматовду жана Ласло Месарошту эскерүү кечесинде болду. (AzK)

XS
SM
MD
LG