Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:28

Мугалимдердин айлыгына байланыштуу маселе талкууланат


Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясы бүгүн мугалимдердин маянасына байланыштуу билим жана илим министри Канат Садыковдун маалыматын угат. Бул тууралуу “Азаттыкка” фракция мүчөсү Нурбек Мурашев билдирди.

Бир топ мугалимдер эмгек акы өкмөт убада кылгандай тийбей калганын айтып депутаттарга кайрылышкан. "Мисалы, 2 миң сом алган жаш мугалимдин айлыгы 6 миң сомго көбөйүптүр. Ал эми 6 миң алган мугалим 5 миң сом алып калган экен", - дейт Мурашев.

Мугалимдер өкмөт убада кылгандай, айлык үч эселеп көтөрүлбөгөнүн “Азаттыкка” да билдиришкен. Билим берүү министрлиги мындай дооматтарды негизсиз атап, нааразы болгон ар бир мугалимдин арызы өз-өзүнчө иликтенээрин билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG