Бул тууралуу билим жана илим министри Канат Садыков 7-июнда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маалымат жана диний саясат комитетинин жыйынында билдирди.
Садыков "Манас таануу" сабагын өтүүгө адистер жетишсиз болгонун, эгер “"Манас" үчилтигин өнүктүрүү жана таанытуу жөнүндө” мыйзам кабыл алынса бул багытта иштер күчөтүлөөрүн кошумчалады.
Мыйзамдын демилгечилеринин бири Каныбек Иманалиев “Манас” эпосунун мотивдери боюнча мультфильм, көркөм жана даректүү тасмаларды тартуу пландалып жатканын айтты. Комитет мүчөлөрү аталган мыйзам долбоорду колдоп, эми ал парламент жыйынында талкууланмакчы. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)