Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

Медиа уюмдар: журналисттерди уруп жатышат!


Кайрылууда өлкөдө журналисттердин укуктары бузулуп жатканы айтылат. Расмий бийлик өкүлдөрүнүн өлкөдө сөз эркиндигин орнотууда жакшы жылыштар болууда деген билдирүүлөрүнө карабастан, журналисттер жамаатына жана коомчулукка журналисттердин өлүмү, ур-токмокко алынышы боюнча тергөө иштери тууралуу маалыматтар али жете электиги, козголгон кылмыш иштеринин аягына чыкпагандыгы белгиленген.

Журналисттер тартип коргоо жана күч органдары тарабынан мурдагыдай эле кысым болуп, маалымат алуу укугу чектелип жаткандыгын билдиришет.

Расмий маалыматтар боюнча 2011-жылдын башынан тарта өлкөдө беш журналист ур-токмокко кабылган. Алар: Назгүл Кушназарова, Элмира Токтогулова, Жылдыз Бекбаева, Самат Асипов, Кеңеш Жумабаев. Улан Мукамбаев, Жыргал Айтматов жана Хулкар Исамованы кесиптик ишмердигине байланыштуу коркутуп-үркүтүшкөн. Бишкектеги “24.kg” маалымат агенттигинин кеңсесине кол салынган.

Кайрылууга 45 журналист кол койгон. (AzK)

XS
SM
MD
LG