Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Өзбекстандан чыгарылган 30 келиндин айрымдары кайтканы кабарланууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облусунун Көк-Сере айыл округунун паспорттук жана аскердик каттоо бөлүмүнүн инспектору Бактыгүл Атабекова билдирди. Анын айтымында, Өзбекстандын жарандарына турмушка чыккан келиндердин көпчүлүгү Кыргызстандын каттоосунан чыгып кетишкен. Бирок Өзбекстандын аймагында алар түрдүү себептерге байланыштуу каттоого турган эмес. Алардын айрымдары мурдагы Совет мезгили учурундагы паспорттор менен жүрүшкөн. Бүгүнкү күндө балдары жаш, оорулуу кайынэнелери бар делген айрым келиндер Өзбекстанга убактылуу кайткандыгын алардын туугандары билдиришкен.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маселе боюнча Өзбекстанга нота жолдогон. Министрликтин жооптуу өкүлү Алмаз Имангазиев “Азаттыкка” кыргыз тарап ажырап калган үй-бүлөлөрдү бириктирүү маселесин өзбек тарап менен биргеликте чечүүнү көздөп жатканын билдирген. Коңшу өлкөдөн 30 кыргыз жараны апрель айында чыгарылган. (AzK)

XS
SM
MD
LG