Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:53

Түштүктө "Майтокоч баабедин" башталды


Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларында "Майтокоч баабедин" башталууда. Чоң аянттарында казан асылып, чогулган аялдар жети токоч жасап, тынчтыкты тилеп, жыт чыгарып, куран окуганы жатышат. Иш-чара ар кайсы улуттун музыкалары менен коштолот. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Тынчтыкты орнотуучу аялдар” уюмунун облустук координатору Жамиля Капарова билдирди.

Буга чейин мындай акция 31-майда “Эненин ак жоолугу” деген ураан алдында уюштурулуп, анда аялдардын башынан кара жоолуктар алынган болчу. Бул жолку иш-чара "БУУнун аялдары" уюму жана Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен өткөрүлгөнү жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG