Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

АКШ БУУнун Сирияны айыптаган билдирүүсүн колдоду


Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин Британия менен Франция сунуш кылган резолюциясынын долбоорунда Сирия оппозициячыл демонстранттарга кара күч колдонгону айыпталат. АКШнын Мамдепартаментинин маалымат катчысы Марк Тонер журналисттерге Вашингтон Коопсуздук кеңешинин башка мүчөлөрүн бул резолюцияны колдоого чакырып жаткандыгын бышыктады. Кеңештеги вето укугу бар Орусия менен Кытай бул чарага каршы экендигин кулак кагыш кылышкан. Укук коргоочулардын айтымында, Сирияда президент Башар ал-Асаддын режимине каршы нааразылык акцияларында март айынан бери аз дегенде 1300 киши курман болду.

XS
SM
MD
LG