Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:55

Аба ырайы: Шашылыш билдирүү


9-10-июнда республиканын тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт.

Кыргызстанда 10-июнда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32, Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29, Баткен облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26, Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23 градус жылуу болот.

Тоолордо түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 3…8 градус жылуу.

Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17 градус, күндүз 29…31 градус жылуу болот. (AzK)

XS
SM
MD
LG