Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

Абу Дабиде Ливиядагы кырдаал талкууланат


Батыш жана Араб өлкөлөрүнүн министрлери чогулуп, Ливияны келечекте Муаммар Каддафисиз башкарууну талкуулашат. Бул күндөрү НАТОнун учактары Каддафинин жактоочуларын алсыратуу үчүн Триполиде бомбалоону улантууда.

Абу Дабиде Ливия боюнча эл аралык байланыш тобу АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон, Франция, Британия жана Катар, Кувейт жана Йорданиянын өкүлдөрү менен бирге талкууга отурат.

Ливиядагы козголоңчулардын Өткөөл Улуттук кеңешине эл аралык көмөк көрсөтүү, Каддафи бийликтен четтегенден кийинки аракеттер боюнча сөз болот.

Батыш өлкөлөрү Каддафинин режими мыйзамдуулугун жоготкондугун айтып келет. Муаммар Каддафи болсо "өлгүчө Триполиден чыкпай тургандыгын" кайталады.

XS
SM
MD
LG