Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:29

Кыргызстандын айрым чек араларында күзөт күчөтүлдү


Бул тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызматынын жетекчи орун басары Чолпонбек Турусбеков билдирди. Негизинен Кыргызстандын Өзбекстан, Тажикстан менен чектеш аймактарында, чек ара бекеттеринде кызматкерлер күчөтүлгөн режимде иштөөдө.

“Чек араларга күчөтүлгөн режим киргизүү жыл сайын жай айларынын башында киргизилет. Тоо, кокту-колот, ашууларда кар ээрип, жолдор ачыла баштагынына байланыштуу чек арачылар ыкчам жумуштарыбызды аткарабыз. Чек аралар учурда коопсуз”, - деди Турусбеков. Чек араларды кайтаруу кошуна өлкөлөр менен бирдикте жүрүүдө.

Июнь каргашасынын бир жылдыгына байланыштуу бардык күч структуралары күчөтүлгөн режимде иштөөгө өткөнү буга чейин кабарланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG