Бул тууралуу Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, 9-июнда Талас шаарында шамалдын ылдамдыгы секундуна 26 метрге чейин жетип, натыйжада үч үйдүн чатырына олуттуу зыян келген. Жалпысынан 77 шыйпыр сынган. Учурда жергиликтүү жарандык коргоонуу комиссиясы келтирилген зыяндын көлөмүн эсептеп жатат. (KKs)