Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:02

Панетта АКШлык аскерлерди Ооганстандан чыгарууну колдоду


АКШнын Коргоо министрлигине сунуш кылынган Леон Панетта 9-июнда Сенатта болгон угууда президент Барак Обаманын июлда Ооганстандан америкалык аскерлерди чыгаруу планын колдоорун билдирди.

Сенаттын Аскерлерди тейлөө комитетинин төрагасы Карл Левин "президент Обаманын аскерлерди чыгарууга чоң маани бергенине макулсузбу" деп сураганда, Панетта “ооба” деп жооп берди.

Буга чейин АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы - ЦРУну жетектеген Панетта Ирактагы кырдаал дале опурталдуу экенин, ЦРУнун эсеби боюнча, өлкөдө “ал-Кайиданын” 1 миңдей согушчаны бар экенин кошмчалады.

Пентагондун азыркы башчысы Роберт Гейтс армияны Ооганстандан чыгарууда өтө ашыкпоого чакырып жүргөн.

XS
SM
MD
LG