Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

Сирия: Жиср аш-Шүгүрдө куралдуу топтун лидерлери кармалды


Cирия өкмөтү түндүк батыштагы Жиср аш-Шүгүр шаарында жакында коопсуздук күчтөрүнө кол салган куралдуу уюмдун лидерлери камакка алынганын билдирди.

Ырасмий маалымат боюнча, куралдуу кол салуудан 120 полициячы каза болгон. Аскерлер Түркияга чек аралаш шаарда жума күнү башталган операция кезинде өкмөткө каршы козголоңчуларды биринчи жолу тик учарлардан аткылашканы айтылат.

АКШ өкмөтү Сирия бийликтеринин нааразылык акциясын айоосуз басканын кескин сындады жана Европа өлкөлөрү БУУнун Коопсуздук кеңешине сунуш кылган долбоорду колдоду. Бул долбоор өкмөткө каршы чыгууларды армиянын жардамы менен басуу сындалып, армияны элге каршы салууну токтотууга үндөйт.

XS
SM
MD
LG