Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Аба ырайы


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 12-июнда Кыргызстандын аймагында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31, Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28, Баткен облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25, Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 4…19 градус жылуу.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 28…30 градус жылуу болот. (EK)

XS
SM
MD
LG