Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Кытайда суу ташындан 100гө жакын адам курман болду


Ортолук жана Түштүк Кытайда нөшөрлөп куйган жаандан улам катуу суу ташкын жүрүп, табигый апаатта 100гө жакын адам набыт болду. Жергиликтүү маалымат булактарынын кабарлашынча, Хунан провинциясында жер көчүп, 20дан ашуун үйдү сыймап кеткен жана кеминде 20 адамдын өмүрүн алган. Янцы жана Хуайхэ дарыяларынын деңгээли беш провинцияда 2 метрден бийик көтөрүлгөн. “Чайна Дейли” гезитинин жазышынча, суу ташкын 1 миллиард доллардан көп чыгым алып келди.

XS
SM
MD
LG