Түркияда парламенттик шайлоо өтүүдө. Премьер-министр Эрдоган добуш бергенден кийин кабарчыларга берген интервьюда шайлоонун жыйынтыгын сыйларын билдирип: "Биз кечээ саат алтыда тынч эмес, бирок өтө жандуу шайлоо өнөктүгүн аяктадык. Биз жыйындарда сүйлөдүк. Эмки сөз шайлоочуларда. Бүгүн алар келерки төрт жылда өлкөнү башкарчу адамдарды эркин тандашат. Бул эң калыс жана татыктуу чечим болот. Бул албетте, биз үчүн чоң сыноо," - деди.
Серепчилер шайлоодо Режеп Тайып Эрдоган башындагы башкаруучу партия жеңип чыгат жана үчүнчү мөөнөт бийликте калат деп боолгошууда.
Парламенттеги 550 орун үчүн 15 партиянын өкүлдөрү жана 200 көзкарандысыз талапкер ат салышууда. Бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясы 330 мандатка үмүт артууда. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы түн ортосунда жарыяланат деп күтүлүүдө.