Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

Бахрейндик аял падышаны сындаган ыр окуганы үчүн жазаланды


Бахрейнде падышаны жана премьер-министрди сындап ыр окуган 20 жаштагы аял бир жылга абакка кесилди. Бул жөнүндө Бахрейндин өкмөттүк медиабулактары билдирди. Аят Курмезини жакында болгон массалык башалмандыктарды тергөө үчүн бийлик түзгөн "коопсуздук соту" эркинен ажыратты.

Ишемби күнү Бахрейндин байтакты Манаманын шиит калктуу бөлүгүндө саясый реформаны кеңейтүүнү талап кылып, 10 миңдей адам демонстрацияга чыккан. Февралда башталган анти-өкмөттүк толкундоолор учурундагы кагылыштарда 31 адам набыт болгондон кийин, падышалыкта чукул кырдаал абалы киргизилген. Аскерий абал эки жума мурда токтотулгандан кийин Бахрейндин сунни жетекчилиги саясый жүрүштөргө уруксат берген.

XS
SM
MD
LG