Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:00

Отунбаева "Демократиянын жайкы мектебин" ачты


Президент Роза Отунбаева Демократиянын жайкы мектебинин ачылышында жаштарга кайрылып, өлкөдө “башаламандык” болуп атат дегенге ишенбөөгө чакырды. Өлкө башчысы Кыргызстан үчүн акыркы 10 жыл өтө оор болгонуна токтолуп, бирок өлкө парламенттик башкарууга жетишкендигин белгиледи.

Отунбаева бүгүнкү күнү оппозиция олуттуу тармактар үчүн жооп берип, Жогорку Кеңеште өлкөдөгү бардык маселелер ачык талкууланып жаткандыгын айтты.

“Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн июнь коогасы үчүн күнөөлөгүсү келгендер президенттик шайлоо алдында упай топтогусу келгендер” – деди президент.

Борбор Азиянын лидер жаштары үчүн Демократиянын жайкы мектеби 13-17-июнь күндөрү атайын окууларды уюштурат. Анда жаштар жарандык өнүгүү боюнча маалымат алып, лидердик сапаттарын кеңейте алышат. (EK)

XS
SM
MD
LG