Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:13

Сүлүктүдө селден 80ден ашуун үй-бүлө жабыркады

Баткен облусундагы Сүлүктү шаарында катуу жааган жаандын айынан сел жүрдү. Чукул кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка ылайык, анда сегиз көчө, 2 мектеп, мечит жана дүкөндү суу каптап кетти. Жалпысынан 80ден ашуун үй-бүлө зыян тартты. Баткен-Сүлүктү унаа жолунун айрым жерлери оңдоого муктаж болуп калды. Чукул кырдаалдар министри Болотбек Борбиев абал менен таанышуу үчүн Сүлүктүгө жөнөп кетти. (EBM)
XS
SM
MD
LG