Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:52

Ысык-Көлдө 15 токойчу ачкачылык жарыялоодо


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл районун токой чарбачылыгынын кызматкери Мурат Байгабылов билдирди. Анын айтымында, аталган чарбачылыктын эмгек жамааты коррупцияны жоюуну жана мекеме жетекчилигинен Таалай уулу Кубатты алып, анын ордуна Кенжебек Салмакеевди коюну талап кылышууда.

Токойчулар акыркы үч ай ичинде чарбачылыкта үч жетекчи алмашып, бул орунга тааныш-билиш аркылуу компетентсиз адамдар келип жаткандыгына нааразы.

Учурда Ананьево айылынын токой чарбачылыгынын аймагында бир боз үй тигилип, 15 киши ачкачылык кармап жатат.

Байгабылов буга чейин токойчулар бул сунуштарын тийиштүү аким, министрликтерге чейин жолдоп, андан майнап чыкпагандан ушундай радикалдуу кадамдарга барып жаткандыгын билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG