Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Абдрахманов УКМК саясий куугунтукка өттү деп эсептейт


“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов Бабановго байланыштуу чуулгандуу аудио боюнча УКМК кызматкери тарабынан суракка алуу аракети болгонун "Азаттыкка" билдирди. Ал кечээ Жогорку Кеңештеги иш бөлмөсүнө белгисиз бирөө келип, өзүн УКМК кызматкеримин деп тааныштырганын жана экс-президенттин уулу Максим Бакиев менен биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов сүйлөшкөн делген аудио боюнча бир катар суроолорду бергенин айтууда.

Абдрахманов буга чейин ушундай эле мазмундагы суракка жардамчысы Урмат Иманалиев да дуушар болгонун айтып, ал УКМК абагында алты саат кармалганын билдирди. Өмүрбек Абдрахманов УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшебаевге телефон чалып, ортого “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев түшүп атып жардамчысын чыгарып алган.

Абдрахманов "телефондук сүйлөшүүлөрдү тыңшоо мүмкүнчүлүгү бир гана УКМКда бар"- деп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин соңку аракеттери саясий куугунтук жыттанат деген баасын берди.

УКМК бул тууралуу комментарий бере элек. (EK)

XS
SM
MD
LG