Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:10

Конституциялык палата тууралуу мыйзамга кол коюлду

Президент Роза Отунбаева Жогорку Соттун Конституциялык палатасы тууралуу мыйзамга кол койду. Конституциялык палата Конституциялык соттун ордуна түзүлгөн жаңы орган болуп эсептелет. Палатанын курамы: төрага, төрага орун басары жана жети сот болуп 9 соттон турат. Эгер бул соттордун үчтөн бири чечим кабыл алса Конституциялык палатанын чечими күчүндө болот. Конституциялык палатанын сотторунун талапкерлерин президент көрсөтүп, Жогорку Кеңеш тарабынан шайланат. Мыйзам 2011-жылы 12-майда кабыл алынган. (EK)
XS
SM
MD
LG