Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:30

Кыргызстандагы шайлоону чет элдик ММКнын чагылдырышы талкууга алынды


БШК төрагасы Акылбек Сариев “Чет элдик ММК жана Кыргызстандагы шайлоо” аттуу тегерек стол үстүндөгү талкууда чет элдик маалымдоо каражаттарына шайлоо маалында түз алып көрсөтүүгө чек коюу цензурага барабар деген баасын берди.

Маалыматтык коопсуздук маселесин башка жол аркылуу чечүүнү сунуштаган Боршайком жетекчиси “бул кагаз түрүндө гана кала турган жобо болуп калат. Мыйзамга демилгечилик кылгандар кантип обону көзөмөлдөгөнү атат? Кызыкдар адамдар айып пул төлөп коюп мыйзамды айланып өтө берет”- деди.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев "Шайлоо тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизип, ага ылайык чет элдик ММКлардын шайлоону түз алып көрсөтүүсүнө бөгөт коюлган.

"Шайлоо тууралуу" мыйзамдын 22-беренесинде үгүт материалдары чет элдик ММКларда жарыяланбашы керектиги белгиленген. Беренеде ошондой эле шайлоо маалында чет элдик ММК шайлоону түз алып көрсөтпөсүн деген жобо бар. (EK)

XS
SM
MD
LG