Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:05

НАТО Сербия менен кызматташат


Бул тууралуу бүгүн Белграддагы конференцияда НАТОнун трансформация боюнча командачысы, генерал Стефан Абриал билдирди. Анын айтымында, НАТО Сербия менен тыгыз байланыш орнотууга умтулат, бирок Белградды Түндүк атлантикалык аскердик ынтымакка кирүү зарылдыгына ынандырбайт жана бул маселеде ага эч кысым көргөзбөйт.

НАТО менен Сербиянын кызматташтыгына арналган жыйындын Белградда өтүшүнө сербдердин жүздөгөн улутчулдары каршы болду, алар Түндүк атлантикалык ынтымактын желегин өрттөштү.

1999-жылы НАТОнун учактары Сербиянын ал кездеги президенти Слободан Милошевичтин режимин өз аскерлерин Косоводон алып чыгып кетүүгө мажбурлоо үчүн Сербияга сокку урган. Алтымыш сегиз күнгө созулган ал соккудан жүздөгөн адамдар өлүп, Сербиянын инфраструктурасынын көбү бузулган.

XS
SM
MD
LG