Мындай кадамы менен Канада Франция баштаган бир нече өлкөнүн катарына кошулууда. Өлкөнүн тышкы иштер министри Жон Бэйрддин бүгүн парламентте билдиргенине караганда, Канада ливиялык козголоңчулардын Өткөөл улуттук кеңешин Ливия элинин мыйзамдуу бийлиги катары тааныйт. Учурда Канада өкмөтү парламенттен өлкө аскерлеринин НАТОнун Ливиядагы миссиясына катышуу мөөнөтүн узартуусун суроодо. "Рейтер" агенттигинин кабарына караганда, азыркы консервативдик өкмөттү курган партиялар парламентте көпчүлүктү түзөөрүн эске алганда, маселе оңунан чечилчүдөй.
Канада Ливиянын козголоңчуларын тааныйт
