Окуя башкалаа Багдаддан 60 чакырымдай түндүк-чыгыш тарапта, Дияла вилайетинин борбору Бакуба шаарында болду. Козголоңчулар жергиликтүү бийлик жайгашкан имараттар комплексине кол салышкан. Ирактын күчтөрү америкалык аскерлердин жардамы астында имаратка кайра көзөмөл орнотконго чейинки чабуулдан кеминде тогуз адам өлүп, 17 киши жаракат алган.
Расмий өкүлдөрдүн айтымында, куралчан адамдар чабуул жасаардан мурда өкмөттүк имараттын сыртында жанкечти өзүн жардырып, бомбаланган автоунаа жарылган. Чабуул жасаган бештен кем эмес жоочулар тобу жок кылындыбы, же жокпу, азырынча анык эмес.
Дияла 2006-2007-жылдары Ирактагы диний араздашуулар күчөгөн кезде "ал-Кайиданын" жергиликтүү таяныч бекети болгон. Андан бери кыянатчылыктар азайган, бирок ал азыр да Ирактын кырдаал тынч эмес аймактарынын бири бойдон кала берүүдө.