Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Баткенде селге аккан эки адамдын сөөгү табылды


Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" билдиришинче, Баткен облусундагы Самаркандек айылынын эки тургуну 12-июнь күнү жаан нөшөрлөп жаап жаткан маалда тоодогу мал-жандыгын караганы кеткен бойдон дайындары билинбей жаткан. Алардын сөөгү 14-июнда түшкө маал табылды. Учурда аймакта селдин кесепетин жоюу иштери уланууда.

Баткенде Сүлүктү шаары менен Лейлек районунда катуу жааган жаандан сел жүрүп, 230 чакты үйдү суу каптады. Жергиликтүү бийлик 200 миллион сомдой чыгаша келгенин билдирүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG