Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

Сүлүктү, Лейлекте куткаруу иштери уланууда


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, учурда Баткен облусунун сел жүргөн Сүлүктү шаары, Лейлек райондорунда ылай толуп калган үйлөр тазаланууда. Айыл тургундарын коопсуз жайга көчүрүү аракети көрүлүүдө. Айрымдарга чатырлар берилди.

Аталган аймакта катуу жааган жаандын айынан 13-июнда сел жүргөн. Андан баш-аягы 230 үй жабыркап, суу үч жеңил унааны, 350дөй мал жандыкты алып кетти. Маалыматка ылайык, сегиз көчө, 2 мектеп, мечит жана дүкөндү суу каптап кеткен. Жалпысынан 80ден ашуун үй-бүлө зыян тарткан. Баткен облустук администрация сел 200 млн. сомдун тегерегинде чыгым алып келгенин билдирүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG