Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:32

Ташиев баш прокурордун сунушун "саясий буйрутма" деп эсептейт


Бул тууралуу “Ата Журт” фракциясынын лидери, депутат Камчыбек Ташиев “Азаттыкка” билдирди.

Башкы прокурор Аида Салянова “Ата Журт” фракциясынын жетекчиси Камчыбек Ташиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн анын кол тийбестик макамын алууга макулдук берүү жөнүндө сунушун Жогорку Кеңешке жолдогон. Бул маалыматты 14-июнда аталган органдын басма сөз кызматы тастыктаган. Ташиев муну алдыдагы президенттик шайлоого катыштырбоо максатында саясий буйрутма болгон деп баалап жатат.

Маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиевге "кесиптеши Бахадыр Сулаймановду урду" деген айып боюнча кылмыш иши козголгон. Депутатка бейбашчылык боюнча айып тагылууда. Башкы прокуратуранын сунушу парламенттин регламентине ылайык күн тартибине коюлуп, каралмакчы. (КЕ)

XS
SM
MD
LG