Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Ысык-Көлдө ачкачылык жарыялагандардын саны 22ге жетти


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл районун токой чарбачылыгынын кызматкери, ачкачылык кармагандардын бири Мурат Байгабылов билдирди. Анын айтымында, үч күндөн бери оозуна наар албагандарды бүгүн дарыгерлер текшерип, көбүнүн кан басымы түшүп кеткенин аныкташкан.

Аталган чарбачылыктын эмгек жамааты коррупцияны жоюуну жана мекеме жетекчилигинен Таалай уулу Кубатты алып, анын ордуна Кенжебек Салмакеевди коюну талап кылышууда. Токойчулар акыркы үч ай ичинде чарбачылыкта үч жетекчи алмашып, "бул орунга тааныш-билиш аркылуу компетентсиз адамдар келип жаткандыгына" нааразы.

Учурда Ананьево айылынын токой чарбачылыгынын аймагында бир боз үй тигилип, 22 киши ачкачылык кармап жатат. Аларга кечээ жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келип, ачкачылыкты токтотууга чакырышкан, бирок 22 адам алардын талаптары аткарылмайынча ачкачылык токтотулбай турганын билдирүүдө.

Буга чейин токойчулар бул сунуштарын тийиштүү аким, министрликтерге чейин жолдоп, андан майнап чыкпагандан ушундай радикалдуу кадамдарга барып жаткандыгын билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG