Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Астанада ШКУнун мааракелик жыйыны өтүүдө


Шанхай кызматташтык уюмунун он жылдыгына карата Казакстан борбор калаасы Астанада өтүп жаткан жыйынга Кыргызстандан президент Роза Отунбаева катышууда. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мааракелик бул саммитте ШКУнун он жылдык ишмердиги талданып, уюм алкагында кийинкиге иш-чаралар планы бекийт. Аймактагы кырдаал боюнча ар тараптуу талкуудан соң ШКУ он жылдыгынын Астана декларациясы кабыл алынышы күтүлүүдө. Саммиттен кийин ШКУга төрагалык Казакстандан Кытайга өтөт.

ШКУга мүчө өлкө башчыларынын жыйынына Тажикстан (Эмомали Рахмон), Иран (Махмуд Ахмединежад), Ооганстан (Хамид Карзай), Орусия (Дмитрий Медведев), Пакистан (Асиф Али Зардари), Кытай (Ху Цзинтао) жана Казакстан (Нурсултан Назарбаев) президенттери катышып жатканын жергиликтүү маалымат булактары жызышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG