Баткен облусунун Сүлүктү шаары, Лейлек райондорунда болгон селдин кесепеттерин жоюу жана кечиктирилгис чараларды көрүү максатында ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Анын жетекчилигине өзгөчө кырдаалдар министри Болотбек Борбиев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирүүдө. Комиссия беш күндүн ичинде сел алып келген чыгымдарды, көрүлчү жардамдарды аныктап чыкмакчы.
Аталган аймакта катуу жааган жаандын айынан 13-июнда сел жүргөн. Андан баш-аягы 230 үйдүн имараты жабыркап, суу үч жеңил унааны, 350дөй мал жандыкты алып кетти. Маалыматка ылайык, анда сегиз көчө, 2 мектеп, мечит жана дүкөндү суу каптап кеткен. Жалпысынан 80ден ашуун үй-бүлө зыян тарткан. Баткен облустук администрация сел 200 млн. сомдун тегерегинде чыгым алып келгенин билдирүүдө. (КЕ)