Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:59

ШКУ он жылдыгында Астана декларациясы кабыл алынды


Президенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Шанхай кызматташтык уюмунун мааракелик жыйынында Астана декларациясы кабыл алынып, бир катар документтерге кол коюлду. Маалыматка ылайык, саммит соңунда ШКУга мүчө мамлекеттердин 2011-2016-жылдарга карата Баңги заттарга каршы стратегиясын, ушул эле жылдарга карата Баңги заттарга каршы стратегиясын аткаруу боюнча иш-чаралар планын жана уюмга мүчө мамлекет деген макамга ээ болуу максатында арыз берген мамлекеттин милдеттенмелери жөнүндө меморандумду, ошондой эле антитеррордук структурасынын ишмердүүлүгү жөнүндө ШКУнун аймактык антитеррористтик структурасынын Кеңешинин докладын бекитүү жөнүндө документтерге кол коюлду.

Саммитке Кыргызстан президенти Роза Отунбаева жана ШКУга мүчө мамлекеттин башчылары катышты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG