Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:16

Ооганстанда талиптердин эки кол салуусу болду


Ооганстандын түндүгүндө жанкечтинин жардыруусунан карапайым 7 киши жана 2 полициячы жан таслим болду. Окуя бүгүн эртең менен Каписа чөлкөмүндө болгон. Ички иштер министрлиги маалымдаганына караганда, дагы 7 киши жараат алды. Жанкечти өкмөттүк имараттын кире беришиндеги текшерүү өткөөлүндө өзүн өзү жардырып жиберген.

Ушул эле күнү Вардак вилайетинде Ооганстандын вице-президенти жана ички иштер министри НАТОнун өкүлдөрү менен бирге полицияны машыктыруучу жаңы борборду ачып жаткан кезде ракета жарылды. Жарылуудан эч ким жабыркаган жок. Бул кол салуулар үчүн жоопкерчиликти "Талибан" кыймылы өзүнө алды.

XS
SM
MD
LG